Киев мурдагы президент Виктор Януковичтин сотун жандантты. Сыртынан соттолуп жаткан экс-президенттин адвокаты судьядан орус бийлигинен Янукович менен видео байланыш уюштурууну өтүнүүнү сурады.
Бирок сот Янукович интернеттеги видео байланыш аркылуу катыша аларын, бул үчүн расмий уруксат алуунун кажети жоктугун айтты.
Мурдагы мамлекет башчы 2014-жылдын февраль айында элдик толкундоолор маалында Орусияга качкан. Евромайдан деген атка конгон массалык өкмөткө каршы демонстрациялар Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимден баш тартып, анын ордуна Москва менен соода байланышын бекемдөөнү чечкенден кийин тутанган. Ал окуяларда ондогон киши каза болгон. Экс-президент чыккынчылык, Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузуу, Орусияны агрессияга тукуруу үчүн айыпталууда. Ал качкандан кийин Орусия Крым жарым аралын басып алып, өлкө чыгышындагы жикчилдерге жардам бере баштаган. Януковичтин иши боюнча алдын ала угуулар 5-майда башталып, адвокаттары Орусияга видео байланыш өтүнүчү жөнөтүлүүгө тийиш деп кайталап келгендиктен улам кийинки мөөнөткө жылдырылган.