Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Мамлекеттик 1130 ишкананын 900ү кагазда гана бар


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо учурунда каттоодогу 1130 ишкананын 900ү кагаз жүзүндө гана бар экени аныкталды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, оптимизациялоо боюнча иштер соңку он ай ичинде жүргүзүлдү. Бул жараян соңуна чыкса 30дан ашпаган ишкана гана мамлекеттин карамагында калат.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-жылы мамлекеттик компаниялардан түшкөн киреше 74,7 млрд сомду, ал эми чыгашасы 69,1 млрд сомду түзгөн.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна азыркы ишканалар боюнча кылдат иликтөө жургүзүп, аларды жокко чыгаруу жана кайрадан түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин» түзүү да милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG