Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

АКШ Эрдогандын жансакчыларын кармоо ордерин чыгарды


АКШда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды кайтарган 12 коопсуздук кызматкерин кармоого ордер берилди.

Мындай чечим өткөн айда түрк элчисинин Вашингтондогу резиденциясы жанында болгон мушташты иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды. Кечээ АКШда жашаган теги түркиялык эки киши камалган эле. Коламбия округунун полиция башчысы Питер Ньюшем Эрдогандын жансакчылары тынч өтүп жаткан нааразылык акциянын катышуучуларына биринчи болуп чабуул коюшканын маалымдады. Буга чейин ал кызматкерлер Америкага келгенде камалышы мүмкүн деп айтылган. Мушташта бир нече киши жабыркаган. Түркия мамлекет башчысы АКШнын ордерин сындап, жергиликтүү полиция пикетке чыккандарга каршы чара көрбөгөнүн айтты:

- Тартип коргоочулар эч нерсе кылышкан жок. Атүгүл кийлигишүүгө аракеттенген эки жердешибизди кармашты. Ушундай жорук кантип болсун? Эми болсо коопсуздук кызматымдын 12 мүчөсүн камоого ордер беришти. Бул кандай мыйзам? Кандай система?

АКШнын Түркиядагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакыртып, Эрдогандын расмий визити учурунда анын коопсуздугун камсыздоого жетиштүү чара көрүлбөгөнүнө нааразылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG