Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:10

Талаштуу үйдүн тургундары күчтөп чыгарылууда


Бишкектин жогору жагындагы Киргизия-2 конушундагы эки кабаттуу үйдө жашаган 24 үй-бүлө имараттан чыгарыла баштады. Сот аткаруучулар департаменти билдиргендей, имарат алгач "Керамика" ишканасына таандык болгон. Кийинчерээк "Аманбанктын" карамагына өткөн. Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылдагы чечимине ылайык, ал жерде жашагандар чыгарылышы керек. Аны ишке ашыруу 2017-жылдын 16-июнунда башталды. Тургундар 20 жылдай мурун үй кароосуз турган кезде кирип жашап алышканын, колдорунда эч кандай документ жок экенин билдирди. Бирок ушунча жыл аралыгында турак жайды карап жашагандарды сыртка чыгарып салууну туура эмес деп жатышат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG