Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азия чемпиону болду (видео)


Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун финалында. 16.06.2017-ж. Тайчунг.
Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун финалында. 16.06.2017-ж. Тайчунг.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Кытай Тайбэйинин Тайчунг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда жеңип, алтын медал тагынды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы кабарга ылайык, 16-июнда (мелдештин экинчи күнүндө) грек-рим күрөшүнөн жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн алты салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандан үч балбан килемге чыгып, күч сынашты.

Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңди. Алгач вьетнамдык Тхи Хонг Транг Фунгду 10:0 эсебинде утса, чейрек финалда кытайлык Юе Ханды 8:4, жарым финалда монголиялык Пуревцецег Ганбаатарды 13:3 эсебинде утуп финалдык таймашка чыкты. Алтын байге үчүн таймашта өзбекстандык Бахтигүл Балтаниязова менен күч сынашып 10:0 эсебинде жеңди.

Жуманазарова былтыр кадеттер арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

67 кг. Финал. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) - Бахтигүл Балтаниязова (Өзбекстан) 10:0.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 59 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айбийке Артыкалы кызы коло байге үчүн таймашта индиялык Кумари Манжи менен таймашта утулуп 5-орунду алды.

Грек-рим күрөшү боюнча 120 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргызстандык Роман Ким коло байге алды.

Ал алгач жапониялык Кейта Банчини 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Амирмохаммад Хосейн Хажипоурганиге 7:0 эсебинде жеңилген. Иран балбаны финалга чыккандыгына байланыштуу Роман Кимге жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, бул таймашта Кытай Тайбэйинин өкүлү Йу Хаону 9:0 эсебинде жеңип алган. 3-орун үчүн таймашта түштүк кореялык Кисюнг Кимди 6:4 эсебинде утуп коло медал тагынды.

120 кг. Финал. Роман Ким (Кыргызстан) - Кисюнг Ким (Түштүк Корея) 6:4.

Экинчи мелдеш күнүнүн жыйынтыгында спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын эсебине 6 медал чогулду. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшчүлөрү бир алтын, эки күмүш жана бир коло медалды тагынышкан. Мелдеш 18-июнга чейин уланат. Алдыда кыздар жана эркектер арасында эркин күрөш боюнча таймаштар бар. (ECh).

XS
SM
MD
LG