Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:42

Германиянын мурдагы канцлери Гелмут Коль 87 жашында көз жумду. Коль өлкөнү Кансыз согуштун аягында жана эки Германиянын биригүүсү учурунда жетектеп турган.

Маалыматтарга караганда ал өз үйүндө жан берди. Колдун Христиан демократиялык биримдик партиясы Твиттер аркылуу жакындарына көңүл айтты. Маркум 1982-90-жылдары Батыш Германиянын жана 1998-жылга чейин бириккен Германиянын канцлери болуп келген. Ал Европадагы интеграция процесстерине жана бирдиктүү валюта – евронун киргизилишине чоң салым кошкон.

Посткоммунисттик өлкөлөрдүн Евробиримдикке жана НАТОго кошулушун жактап келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG