Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Мугалимдер "Асыл" пансионатында ишембилик өткөрүштү


Өкмөттүн токтому менен Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилген "Асыл" пансионатында 150дөн ашуун мугалимдер, министрликтин кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү пансионатта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт жана эски лагердин ордуна 400 орундуу жаңы имараттын курулушу башталат:

- Биринчи жолу мугалимдерге ден соолукту чыңдоочу жай берилип жатат. Өкмөттүн чечими менен жаңы имараттын курулушуна жана ремонт иштерине 300 млн сом бөлүндү. Бул маселе өкмөт башчынын көзөмөлүндө турат.

Министрдин айтуусунда, пансионат жыл бою иштейт.

"Асыл" пансионаты Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG