Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Ош шаары табигый кырсыктан жабыркагандарга 2,3 млн сом жардам берди


3-5-майда Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийин жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген
3-5-майда Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийин жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Чоң-Алайдагы Жекенди айылындагы жер силкинүүдөн жабыр тарткан тургундарга барып жолугушту. Шаар мэринин айтуусунда, табигый кырсыктан жабыркагандар үчүн Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын которушкан. Натыйжада 2,3 млн. сом чогулган.

"Айтмамат Кадырбаев чогулган акчаны Жекенди айылынын тургундарына тапшырып, мындан кийин ар кандай кырсыктан тышкары болуусун тиледи.

Жекенди айылынын тургундары Ош шаарынын мэрине жана жардам көрсөткөн бардык шаар тургундарына ыраазычылык айтышты. Акчалай жардам менен биргеликте Жекенди айылынын тургундарына азык-түлүк да жеткирилди", - деп маалымдайт шаар мэриясынын басма сөз кызматы.

Чон-Алай районунун Жекенди айылында 3-май күнү жер титирөө болгон. Андан бир нече турак-үй жараксыз болуп, короо-сарайлар кулап калган. 210 үй толугу менен бузулуп, ордуна жаңы үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG