Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:15

Трамп мигранттарды депортациялоо боюнча убадасын аткарууга шашпайт


Бала чагында ата-энеси менен Америкага келип калган мигранттарды ишинен ажыратып, депортациялоо тууралуу Трамптын шайлоо алдындагы убадасын ишке ашыруу жакынкы убактагы планда жок экенин Ак үй маалымдады.

Мыйзамсыз иммигрант ата-энеси менен АКШга келип калган 800 миң чамалуу адамды коргоого алуу демилгесин мурдагы президент Барак Обама көтөргөн болчу. Алардын иши ар эки жыл сайын каралып турат.

Ак үйдүн белгилешинче, Трамптын жардыгы балдары АКШ жарандыгына ээ болгон мыйзамсыз мигранттарга тиешеси жок. Мындай мигранттардын саны АКШда 5 миллионго чамалуу.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG