Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Аба ырайы: Тоолордо жаан жаап, күн күркүрөйт


18-июнда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу аймактарында, тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Ысык-Көлдө күн ачык.
Ысык-Көлдө күн ачык.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүзү 30…35;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүзү 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүзү 31…36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүзү 24…29;

Тоолуу Нарында түнкүсүн 6…11, күндүзү 25…30 градус ысык болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүзү 13…18 градус жылыйт.

18-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 18…20, күндүзгү температурасы 31…33 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG