Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Лондондо өрттүн курмандыктарынын саны 58ге жетти


Лондондун батышындагы өрткө кабылган турак имарат. 15.6.2017.
Лондондун батышындагы өрткө кабылган турак имарат. 15.6.2017.

Улуу Британиянын борбор шаары Лондондо 14-июнда чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 58ге жетти. Жыйырмадай адам ооруканада жатат. Ага чейин тилсиз жоодон 30 адамдын өлгөнү расмий ырасталган.

Ишемби күнү (17-июнда) британ полициясы 28 киши дайынсыз экенин маалымдады. Бийликтер бул цифра өзгөрүшү мүмкүндүгүн четке какпайт.

Ага чейин ушул эле күнү метронун эки тилкеси жабылганы кабарланган. Полиция күйүп кеткен 24 кабаттуу үйдөн ар кандай келкилер айланасына түшүп кетиши ыктымал деп чочулап жатат.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жума күнү Лондондун батыш райондорундагы жашоочулар менен жолугушкан. Калайык шаршембиде шаардын Кенсингтон аймагынын түндүгүндөгү көп кабаттуу имаратты жалмаган алааматтуу өрттүн айынан үйсүз калгандарга чукул арада жардам берүүнү талап кылып көчөгө чыккан болчу. Мэй тез жардам үчүн 6 миллион доллардан ашуун каражат бөлүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG