Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:09

Жапон деңизинде америкалык моряктар изделүүдө


Жабыркаган кеме

АКШ жана Жапониянын учактары, кемелери америкалык жети морякты издеп жатышат. Алар "Фицджеральд" эсминеци менен жүк ташуучу соода кемеси сүзүшүп кеткен учурдан бери дайынсыз деп саналууда.

Кемелердин кагылышынан үч моряк жаракат алган, алардын ичинде кеменин капитаны да бар.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн жабыркаган кемеси ишемби күнү Жапониянын Йокосука шаарындагы америкалык базага кайтып келди.

Кагылышыуу болгон учурда экипаждын 200 ашуун мүчөсү уктап жатканы айтылат.

Жапон деңизинде 17-июнда түн ичинде болгон кагылышуу иликтенип жатат. Филиппин желеги менен бара жаткан контейнер ташуучу жүк кемеси эсминецтен төрт эсе чоң.

XS
SM
MD
LG