Кемелер сүзүшкөндөн бери дайынсыз болуп жаткан америкалык моряктардын сөөгү табылды. Бул тууралуу АКШ флоту маалымдады. Жапон маалымат каражаттары да мурдараак "дайынсыз жоголду" деп изделип жаткан жети моряктын сөөгү табылганын жазып чыгышты.
Булар "Фицджералд" эсминеци менен жүк ташуучу соода кемеси сүзүшүп кеткен учурдан бери дайынсыз болчу. Кемелердин кагылышынан үч моряк жаракат алган, алардын ичинде кеменин капитаны да бар.
АКШ куралдуу күчтөрүнүн жабыркаган кемеси ишемби күнү Жапониянын Йокосука шаарындагы америкалык базага кайтып келди.
Кагылышыуу болгон учурда экипаждын 200 ашуун мүчөсү уктап жатканы айтылат.
Жапон деңизинде 17-июнда түн ичинде болгон кагылышуу иликтенип жатат. Филиппин желеги менен бара жаткан контейнер ташуучу жүк кемеси эсминецтен төрт эсе чоң.