Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Макрондун тарапкерлери парламентте көпчүлүк орун алышты


Франция президенти Эммануэл Макрон 18-июндагы парламенттик шайлоодо добуш берүүдө.
Франция президенти Эммануэл Макрон 18-июндагы парламенттик шайлоодо добуш берүүдө.

Франция президенти Эммануэл Макрондун "Алга, Республика!" кыймылы парламенттик шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетти. Le Monde басылмасы кабарлагандай, Макрондун тарапкерлери жана алардын өнөктөштөрү Улуттук ассамблеядагы 577 орундун 350гө жакынын алышат.

Өлкөдө Макрондун кыймылы үчүн франcуздардын 40 пайыздан ашууну добуш берген. Ал эми оңчул "Республика" партиясы алган добуш мындан эки эсе аз. Аларга парламентте 100дөй мандат тийиши мүмкүн. Мурун көпчүлүк орунду ээлеген Социалисттик партияга 30га жакын орун тиет. Ашынган солчулдардын Жан-Люк Меланшон жетектеген "Багынбас Франция" кыймылы да 30дай мандат алышы ыктымал. Марин Ле Пендин "Улуттук фронтунан" парламентке 8 өкүл келет.

Мурда банкир жана экономика министри болуп иштеген 39 жаштагы Макрон өткөн айда президенттик шайлоонун акыркы айлампасында ашкере-оңчул талапкер Марин Ле Пенди утуп алган.

XS
SM
MD
LG