Буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара Ош чек ара башкармалыгында болуп өттү. Анда токсонго жакын чек арачылар түрдүү сыйлыктар менен сыйланышты. 2016-жылдын жыйынтыгы менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" жана кыргыз-өзбек чек арасындагы "Араван" чек ара бекеттери мыкты көрсөткүчтөрү үчүн жеңүүчү деп табылды.
Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматы маалымдады.
1967-жылы Кытай менен СССРдин чек арасын коргоо максатында "Эгизек" чек ара бекети түптөлүп, 15-июндан тартып ишке киришкен. Оштогу чек ара отрядынын кызматкерлери Алай өрөөнүндөгү Памир тоолору менен Тянь-Шань тоолорунун ортосундагы чек араны кайтарышкан. Бул совет-кытай чек арасындагы эң талылуу жерлердин бири катары бааланган.(ZKo)