Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Ажылык сапарга барчуларга сабактар өтүлүүдө


Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришкендей, ажылык сапарга бара тургандарга сабактар өтүлө баштады. Анда ажы башчылар коопсуздук, саламаттык жана жүрүм-турум эрежелери, барган өлкөнүн мыйзамдары тууралуу маалымат беришет. Мындай сабак Ысык-Көл облусунда, Каракол шаарында башталды. Сапарга аттангандарга атайын колдонмо китепче берилип, милдеттери түшүндүрүлүп жатат.

Кыргызстандан "Ажылык-2017" зыяратына аттангандарды коштоп баруучу ажы башчылар атайын сынактан өткөн. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, бул милдетти аркалоого 218 талапкер катталып, 135и биринчи турда жетиштүү упай топтогон. Быйылкы ажылык зыяраты августта болот. Сауд Арабия Кыргызстанга 4585 орун бөлгөн. (КE)

XS
SM
MD
LG