Аскар Бешимов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчи кызматынан бошотулду. Буга байланыштуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.
Аскар Бешимов Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2016-жылы январда дайындалган. (КЕ)