Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 22:02

Төлөйкөн айылдык кеңешиндеги мушташ эки жыл мурун болгон окуя


Социалдык тармактарга тараган тасмада тартылган окуя Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинде 2015-жылы февраль айында болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттык" үналгысына билдирди:

- Бүгүн социалдык тармактарда пайда болгон видео тасманы текшергенде, ал 2015-жылы февралда тартылганы аныкталды. Эки жыл мурунку тасманы бүгүн кимдер, кандай максатта коюп жатканы белгисиз.

Милициянын маалыматы боюнча, эки жыл мурунку болгон окуя боюнча арызданган тарап болбосо, иш козголбойт.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Хатам Сулайманов бул "жер сатуу маселеси каралган учурда болгон чатак" деген маалыматтарды жокко чыгарып, тасмадагы чыр айылдык бюджет маселеси каралып жатканда пикир келишпестиктерден улам чыкканын "Азаттыкка" билдирди:

- Айыл өкмөт турак жай беренесине 7 млн сом караган, ал эми элден 20 млн сомго кайрылуулар түшкөн эле. Жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдарын оңдоо үчүн кызуу кандуулукка алдырышкан.

Маалыматка ылайык, андан бери Төлөйкөн айыл өкмөт жетекчилигинде да, айылдык кеңештин курамында да эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Төлөйкөн айыл аймагында 26 миң эл жашайт. Айылдын бюджети 17 миллион сом.

Бүгүн айрым социалдык тармактарга Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин мушташ менен коштолгон жыйыны тартылган тасма тараган. Анда тасмадагы чатак жер сатуудан улам чыкканы тууралуу комментарий жазылган. (ZKo/YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG