Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 06:49

Францияда парламенттик шайлоонун акыркы айлампасында президент Эммануэл Макрондун бир жылдан ашыгыраак убакыт мурда түзүлгөн “Алга, республика” партиясы чоң жеңишке жетишти. Жекшембидеги добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, президенттин партиясы улуттук парламенттеги 577 депутаттык орундун 351ине (60%) ээ болду.

Бул сан сурамжылоолор көрсөткөндөн азыраак болгону менен партия парламентте көпчүлүккө ээ болгонун күбөлөйт.

126 депутаттык мандатка ээ болгон Республикачылар партиясынын лидери Франсуа Баруэн президент Макронду жеңиши менен куттуктап, өз партиясы парламенттеги негизги оппозиция болоорун айтты.

Жекшембидеги шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 42 пайызы гана катышты.

Парламенттин жаңы сессиясы 27-июнда башталат. Макрондун партиясындагы талапкерлердин дээрлик жарымы мурда саясий кызматтарда иштешкен эмес.

39 жаштагы мурдагы экономика министри Эммануэл Макрон май айындагы президенттик шайлоонун акыркы айлампасында ашкере-оңчул талапкер Марин Ле Пенди утуп чыккан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG