Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Евробиримдик: Крым боюнча санкциялар узартылды


Украина менен Евробиримдиктин желектери.
Украина менен Евробиримдиктин желектери.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Крым жарым аралы менен инвестициялык алака түзүүгө тыюу салган санкцияларды 19-июнда дагы бир жылга узартты.

Бул санкциялар Орусия Украинанын Крым аймагын аннексиялагандан көп өтпөй киргизилип, андан бери жыл сайын узартылып келет.

Ага ылайык, Украинанын сертификаты болбосо Крымдан товарларды импорттоого тыюу салынат. Евробиримдиктеги компаниялар Кара деңиздин жээгиндеги бул жарым аралдан эч нерсе сатып ала алышпайт. Уюмга мүчө мамлекеттердин кемелери Крымга токтошпойт. Мындан тышкары транспорт, телекоммуникация жана энергетика тармагында колдонулуучу товарлар Крымга экспорттолбойт.

Евробиримдиктин Орусияга каршы экономикалык санкциялары уюмдун лидерлери 22-июнда Брюсселде жолукканда талкууланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG