Экинчи жолу өтүп жаткан 14 жаш курактагы кыздар арасындагы бул чемпионатка төрт облустан 10 команда катышууда. Анда Бишкек шаарынан үч, Чүй облусунан эки, Оштон бир, Талас облусунан бир, Ысык-Көлдөн үч команда бири-бири менен күч сынашууда.
Ысык-Көл облусунун футбол федерациясынын жетекчиси Алмаз Усуповдун айтымында бул оюнда 14 жаш курактагы мыкты футболчуларды Кыргызстан курама командасына тандоо мүмкүнчүлүгү да каралат.
14-июнда башталган бул чемпионат бүгүн аяктоодо. Эки айлампа менен өткөрүлгөн бул оюндун 2-туру Бишкек шаарында 20-сентябрда өтөт. Анда республика мыктылары аныкталат.(AsM)