Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Орусияга жөнөп кетти. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушат. Мындан сырткары Башкырстан жана Татарстандын башчылары Рустэм Хамитов жана Рустам Минниханов менен кездешери пландалган. Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнө катышат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюулары болжолдонууда.
Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сапары Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака-катышка 25 жыл толгон учурга туш келүүдө. (КЕ)