Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Жогорку Сот Жакупованын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чечимди колдоду


Чолпон Жакупова

Бүгүн Жогорку Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын арызын карап, шаардык жана райондук соттун өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жакупова өзү “Азаттыкка” ырастады.

Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына 30-мартта чыккан маалыматтар үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп аталган сайтты сотко берген. Сайтта Бишкектеги талкуулардын биринде өлкөдөгү абал тууралуу сөз сүйлөгөн Чолпон Жакупованын пикири жарыяланган. Анын негизинде аталган сайтты негиздеген "Промедиа" фондунан, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен үч миллион сомдон талап кылган. Мындан сырткары экс-депутаттын мүлкүн камоо чечими чыккан.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу.

Ушул эле күнү Жогорку Сот Zanoza.kg сайтындагы макаланы жайылтууга тыюу салган шаардык жана райондук соттун чечимин колдоду. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG