Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Баткенде өрүктү экспорттоо башталды


Учурда баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн ашкана сорту же жергиликтүүлөр айткандай "ак өрүк" бышып, Орусияга экспорттоо иштери башталды. Багбандардын айтымында, ак өрүк жылдагыга салыштырмалуу быйыл 10 күндөй кеч бышкан.

Ак өрүктүн килограммы 60-65 сомдон сатылууда. Бул былтыркы баадан 20 сомго кымбат. Мурдагы жылдары облустун көпчүлүк аймактарында өрүктүн бул түрү аз түшүм бергендиктен баасы 100-130 сомго чейин бааланган.

Баткен облусунда жалпысынан 10 миң гектардан ашык өрүк бактары болсо, анын ичинен жылына орточо 20 миң тоннадай ашкана сорту сатылат.

Ак өрүк - өрүктүн кургатылып как кылынбай сатылуучу сорту. (JsA)

XS
SM
MD
LG