Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондондун түндүгүндөгү мечиттин жанындагы кол салууну айыптап, бул окуяны террордук чабуул деп атады.
19-июнга караган түнү Финсбёри Парк аймагында бир унаа мечиттин айланасындагы зыяратчыларды тебелетип кетип, андан бир адам каза тапты. Полиция он адам жаракат алганын, жабырлануучулардын баары мусулмандар экенин тастыктады.
Тереза Мэй кол салган адам жалгыз болгонун, "мындай жек көрүүчүлүк эч качан максатына жетпестигин" белгиледи.
Британиядагы мусулмандар кеңеши бул окуяны өлкөдөгү исламофобияны күбөлөгөн чабуул деп атап, сыйынуучу жайлардын коопсуздугун күчөтүүгө үндөдү.
Бул - Улуу Британиядагы соңку үч айдагы төртүнчү кол салуу. Буга чейинки үч террорчул чабуул 34 адамдын өмүрүн жалмаган. Баш-аягы 150дөн ашык киши жараат алган.