Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Лондондо мечиттен чыккандарга кол салынды


Чабуулдан кийин
Чабуулдан кийин

Лондондо 19-июнга оогон түнү кылмышкер унаасы менен жөө кишилерди тебелетип, андан бир адам каза болду. Жаракат алгандар онго жетти. Алардын сегизи ооруканада.

Окуя Лондондун түндүк ыптасында, Финсбери Парк аймагындагы мечиттин жанында түнкү саат 00:15 чамасында болгон. Бийлик өкүлдөрү муну террордук чабуул катары мүнөздөшүүдө.

Полициянын билдиришинче, кол салган 48 жаштагы киши кармалды жана психикалык саламаттыгын текшерүү үчүн ооруканага жеткирилди.

Күбөлөрдүн бири Би-Би-Сиге "сыртта ызы-чуу, кыйкырык, башаламандык болуп кеткени мага терезеден угулду. Баары "фургон адамдарды сүздү" деп кыйкырып жатышты" деди.

Дагы бир күбө "Ал ак фургон Финсбери Парктагы мечиттин сыртында токтоп турган. Анан намаздан чыгып келаткан адамдарды сүздүрдү окшойт" деп билгени менен бөлүштү.

Окуяны атайын эле мусулмандарга каршы багытталган деп мүнөздөгөндөр да бар.

- Бизде (Лондондо) бир нече террордук чабуулдар жана ага жооп чабуулдар да болду. Бул коом үчүн, биз үчүн жакшы эмес. Тилекке каршы жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрү билип-билбей эле исламды айыптай башташат. Натыйжада айрым ашынган улутчул топтор биз көргөндөй өч ала башташат. Бул экстремизмди ого бетер күчөтүүдө,- дейт Лондондогу Ислам борборунун өкүлү Юсуф аль-Хоэи.

Британиянын Мусулмандар кеңеши кол салууну исламофобиянын ашынган көрүнүшү деп сыпаттады жана сыйынуу жайларынын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды.

Демейде Орозо айында мусулмандар тараба намазы үчүн түнкүсүн мечиттерге келишет. Бирок Лондон полициясынын антитеррористтик кызматынын башкы координатору Нейл Басу чабуул койгон адамды ким же эмне шыктандырганын айтуу эрте экенин билдирди. Ошол эле учурда окуяда терактка мүнөздүү бардык көрүнүштөр бар экенин, жабыркагандардын баары мусулмандар экенин кошумчалады.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй окуя террордук чабуул катары иликтенип жатканын, 19-июндун таңында министрлери менен чукул жыйын өткөргөнүн ырастады.

- Бардык ойлорум жаракат алгандар, алардын жакындары жана окуя болгон жерде кызмат кылып жаткандар менен бирге, - деди премьер.

Лондондун мэри Садик Хан коомчулукту, өзгөчө Орозо кармап жаткандарды сарсанаага салбоо үчүн кошумча полиция күчтөрү тартылганын билдирди.

"Бул биздин жалпы толеранттуулук, эркиндик жана сый-урмат деген баалуулуктарыбызга чабуул" деди мэр.

Оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидери Жереми Корбин да буга байланыштуу "аябай үрөйү учуп" турганын белгиледи.

Акыркы убактарда Британияда удаама-удаа чабуулдар болууда. Соңку үч айдагы теракттар баш аягы 34 адамдын өмүрүн кыйды. 150дөн ашык киши жараат алышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG