Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, «Мак-2017» операциясынын жүрүшүндө Түп районунан 11 килограммдан ашык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.
Түп айылынын тургуну К. Сергейдин үйүн тинтүү маалында 10 кило 350 гр. марихуана табылган. 54 жаштагы киши мурда да баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Ошол эле күнү Ичке-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну Т.Максаттын үйүн тинткен учурда гараждын чатырына катып койгон 670 грамм марихуана табылды.
Өткөн жылы кара куурайдын жалпы аянты 813 гектар деп аныкталган. Андан 540 гектары жок кылынган. Быйыл беш айдын ичинде мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүү боюнча 97 кылмыш иши козголгон. (AsM/КЕ)