Орусия АКШ баштаган эл аралык коалициянын Сириядагы учактарын бутага алынышы керек болгон объект катары карай баштарын билдирди. Орус коргоо министри мындай чечимин АКШнын учактары Ракка провинциясында Сирия өкмөтүнүн СУ-22 учагын атып түшүргөндөн кийин жарыялады.
Министрликтин 19-июндагы билдирүүсүндө Орусия Сириянын аба мейкиндигиндеги инциденттерди алдын алуу боюнча АКШ менен кызматташууну токтотоору айтылат.
АКШ жетектеген коалиция президент Башар Асаддын өкмөтүнүн аскердик учагы Сириянын демократиялык күчтөрүнө бомба таштаганы үчүн жекшембиде атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.
Сирия армиясы муну террорчулукка каршы аракеттерге шек келтирген окуя катары мүнөздөдү.