Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланат


Алмамбет Шыкмаматов абактагы партиялашы Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде.
Алмамбет Шыкмаматов абактагы партиялашы Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Акыркы соттук жараян 15-июнда өтүп, анда сот депутат менен кошо айыпталып жаткан жана Кыргызстанда туруктуу жашаган немис жараны, "Барат Люкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Али Юкселдин котормочу менен камсыздоо өтүнүчүнө байланыштуу териштирүүнү бүгүнкүгө которгон.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана Али Юкселге ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон.

А.Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды делген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш унаанын арасында Шыкмаматовдун жубайына катталган, баасы жогорулатылган унаа болгону жарыяланган. "Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG