Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Москванын аэропортунан Орусиянын расмий өкүлдөрү тосуп алышты. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойнотуп, туулары илинди.
Сапардын алкагында Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ошондой эле Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитов менен Уфа шаарында жана Татарстан лидери Рустам Минниханов менен Казан шаарында жолугушат.
Ошондой эле сапар жүрүшүндө Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт. Беш күндүк мамлекеттик сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Атамбаев жетектеген делегация Москвага бүгүн барды. 61 адамдан турган делегация курамында өкмөт өкүлдөрү, президенттик аппараттын кызматкерлери, журналисттер бар.