Президент Алмазбек Атамбаев беш күндүк мамлекеттик сапар менен Москвага 19-июнда барды. Анын жүрүшүндө үч күн Москвада болуп, бүгүн Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Москвада белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коет, Кремль сарайында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышат.
Эртең Алтай цивилизациясын иликтеген окумуштуулар, тарыхчылар, эксперттер жана орус премьери Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген. Мындан тышкары кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кезигип, Москвадагы мечитке барат, Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен сүйлөшөт.
22-июнда Уфага барып, Башкортостан республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал жерде Кыргызстандын искусство чеберлеринин концерти болот.
23-июнда Казань шаарында Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен кездешүүсү пландалган. 24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган жана Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашты. Сапардын жүрүшүндө орус бийлиги менен миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар документтерге, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына кол коюлат. Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына быйыл 20-мартта 25 жыл толду. (NT/AzK)