Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:30

Лондон: автоунаа менен адамдарды тебелеткен адам кармалды


Лондондогу окуядан кийин. 19-июнь, 2017-жыл.

Лондондо мечиттин алдында автоунаасы менен адамдарды тебелетип кеткен киши террорчулук жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталып, камакка алынды.

Бул тууралуу шаардык полицияга шилтеме кылып BBC кабарлады. Укук коргоо органдары дүйшөмбүгө караган түнү болгон кол салуунун жагдайларын териштирүүнү улантып жатат. Кечээ жүк ташуучу автоунаа башкарган адам мечиттин айланасындагы зыяратчыларды тебелетип кетип, бир адам өлүп, ондогону жаракат алган.

47 жаштагы кишини жергиликтүү тургундар кармашып, полицияга өткөрүп беришкен.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кол салууну айыптап, аны «мусулмандарга карата жасалган террордук чабуул» деп атады.

Ушуу менен Улуу Британияда соңку үч айда төртүнчү жолу кол салуу болду. Буга чейинки үч чабуулдан 34 адамдын өмүрү кыйылып, баш-аягы 150дөн ашык киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG