19-июнда саат 21:10 чамасында райондун Кара-Шоро айылында жааган мөндүрдөн улам, айылдын ортосунан өтүүчү Кара-Шоро сайында сел жүргөн.
Селден 500 метр ички чарбалык арыктар кум-шагылга толуп, эки турак үйдүн короосун суу каптаган. Жабыркагандар жок.
Ал эми Үч-Коргон айыл аймагынын Суухан айылында 20-июнь күнү саат 01:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада бир турак үйдүн жер төлөсүн жана төрт турак үйдүн короосун сел каптаган.
Ошондой эле районго коңшулаш Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында 20-июнь күнү саат 00:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, эки турак үйдүн жер төлөсүнө жана алты турак үйдүн короосуна суу кирген. Булар боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.(ZKo)