Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Ананьеводогу жарылуу боюнча кылмыш иши козголо элек

Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Ысык-Көл районунун Ананьево айылында эки адамдын өмүрүн алган газ куюучу станциядагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш ишин козгоо маселеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептерин аныктагандан кийин чечилет. Аталган мекеменин маалымат катчысы Элмира Шерипова окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз экенин билдирди: 

- Мындай кырсыктарды иликтөөнүн өз убактысы бар. Бул адам өмүрүн алган чоң өрт болуп жатат. Ошого көпкө чейин иликтениши мүмкүн. Азыр өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат.  

Маалыматка караганда, жарылуу болгон газ куюучу жай жеке ишкер Виктор Бориского таандык. Алгач ӨКМ жарылуу “Газпром” компаниясына тиешелүү станциянын биринде чыкканын билдирип, кийинчерээк ал маалыматты четке какты.  

Өрт өчүрүүчүлөр газ саткан станцияга жакын жайгашка май куючу жайда 25 тонна күйүүчү майды суу менен муздатып, өрттүн жайылышынын алдын алышкан. Кырсыктан 30 тонна цистернасы менен ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа,  РЕНО үлгүсүндөгү машиненин  бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен, Газель унаасы цистернасы менен жана бир жеңил машине күйгөн. Саламаттык сактоо министрлиги жети киши  Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө оор абалда реанимацияда экенин билдирди. Өрттөн каза тапкан 52 жаштагы жаран жана анын он жаштагы бала бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. (NT)
 
 

XS
SM
MD
LG