Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Кыйноолордун 96% милиция кызматкерлери кылат


Өткөн жылы 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреңов "Кыргызстандагы кыйноолорду иликтөөнүн абалы" деп аталган тегерек үстөлдө билдирди. Анын айтуусунда, булардын 35инде милициянын жетекчи кызматтарында иштеген 100 кишиге кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн натыйжасында кылмыш жоопкерчилигине 18 милиционер тартылып, иштери сотко ашырылган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, кыйноолордун 96% милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Көбүнчө кармалган киши тергөөгө чейинки текшерүүлөр учурунда, кармалгандан кийинки алгачкы сааттарда кыйноого алынат. Прокуратура өкүлү Бакыт Кетиреңов ар кандай кылмышка шектелип кармалган адамдар үчүн алгачкы сааттарда процессуалдык кепилдик жоктугун белгилеп, бул учурда "кармалган адамдар күбөлөр жана шектүүлөрдүн укугунан ажырап калышарын" айтты.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор өткөн жылы 132 учур катталып, прокуратура тарабынан тогуз кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG