Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Кыргызстанда 2800гө жакын адам БУУнун каттоосунда турат


Ирактагы уруш болгон аймактан качкандар

Кыргызстанда 2786 адам БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгында каттоодо турат. Алардын ичинде качкындар, жарандыгы жоктор жана башкалка издегендер бар. Бул тууралуу бүгүн Качкындардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтылды.

Миграция кызматынын качкындар бөлүмүнүн башчысы Гүлайда Орозалиеванын белгилешинче, Кыргызстан качкындар конвенциясына кол койгондон бери 20 миңден ашуун качкынды кабыл алган. Алардын көбү Тажикстандын жараны.

Кыргызстанда баш калкалап жүргөндөрдүн көбү Ооганстандан (312), андан кийин Сирия (70), Өзбекстан (37),жана Ирандан келгендер. Арасында Пакистан, Орусия, Сомали, Тажикстан жана Кытайдын атуулдары да бар. Ал эми өлкөдө жашап, бирок качкын макамын ала элек чет элдиктердин саны 300гө чукул.

Кыргызстан БУУнун Качкындардын статусу жөнүндөгү конвенциясына 1996-жылдын 8-октябрында кол койгон. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG