Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:19

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ өткөрүү станциясындагы кырсыктын себептерин жана шарттарын такыр иликтеп чыгууну Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине тапшырды. Мындан сырткары жабыркагандарга жетиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү жана Мамлекеттик экотехинспекциясына өлкөдөгү бардык газ өткөрүү станцияларын текшерип, алардын коопсуздук талаптарына жооп берер-бербесин ыкчам текшерип чыгуу талабын койду. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, талапка жооп бербеген кырдаал болсо пайдаланууга тыюу салынат.

19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Сегиз киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда жети адам ооруканада. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Жабырлануучулардын баары денелеринен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG