Украин президенти Петро Порошенконун АКШ президенти Дональд Трамп жана вице-президент Майк Пенс менен жолугушуусу Вашингтондо бүгүн эртең мененкиге белгиленгенин Ак үй жарыялады.
Порошенконун Трамп менен алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү АКШ президентинин Орусия президенти менен жолугушуусунун алдына туш келүүдө.
Трамп менен Путин биринчи ирет 7-8-июлда Чоң жыйырманын Германиянын Гамбург шаарындагы саммити учурунда кездешет деп күтүлүүдө.
Ак үйдөгү бүгүнкү сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдер ортосундагы атышуулардын ургалдуулугу кайра күчөгөн учурда да өтүп жатат.
Улуттар уюму 13-июнда жарыялаган жаңы баяндамасында Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен берки жаңжалда кеминде 10 090 адамдын, анын ичинде 2777 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын көргөзгөн. (UE)