Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Мамлекеттик каттоо кызматындагы каржылык мыйзам бузуулар аныкталды


Кыргызстандын Эсеп палатасы Мамлекеттик каттоо кызматындагы бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануусу боюнча пландык аудит жүргүздү. Натыйжада 7,6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Анын 4,8 млн сому айлык акыларды негизсиз төлөп берген, 2,2 млн. сом максатсыз пайдаланылган. Калганы материалдык баалулуктар үчүн эсептен чыгарылган каражат болсо, 200 миңдейи дебитордук жана насыялык карыздар.

Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыктарында салыктан түшкөн кирешени төмөндөтүп көрсөтүү боюнча көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганы белгиленген. Облустук бөлүмдөрүнүн имаратында ижара боюнча келишими жок коммерциялык ишканалардын иштеп жатканы айтылат. 2015-жылдан бери ижара үчүн мамлекеттик бюджетке 1,2 млн. сом түшкөн эмес. Эсеп палатасы аталган кызматтын жетекчилеринин жоокпкерчилигин кароону сунуштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG