Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:16

Ооганстандагы кол салуудан АКШ базасынын сегиз сакчысы каза тапты


Баграм аба базасы. 2009-жылы тартылган сүрөт.

Окуя Парван провинциясынын Баграм районунда болду.

Жергиликтүү бийликтер кабарлашкандай, белгисиз куралчандардын кол салуусунан АКШнын Баграм аба базасынын сегиз сакчысы каза таап, экөө жараат алган.

Кол салуу сакчылар базадан бир чакырымдай аралыкта, жолдо унаа менен кетип бара жаткан кезде жасалган. Чабуул үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Баграм АКШнын Ооганстандагы эң ири аскерий базасы жана кол салууларга такай кабылып келет.

Былтыр ноябрь айында эле жанкечти базанын ичинде жасаган жардыруудан америкалык эки жоокер, келишим менен иштеген дагы эки адам каза таап, 16 киши жарадар болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG