Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысык болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус жылуу болот.
21-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус ысык болот.