Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жалал-Абад: Облустук телеканалга козголгон кылмыш иши аягына чыкпай турат


Облустук телерадио компаниясынын жооптуу кызмат адамдарынын үстүнөн техника сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши аягына чыкпай жатат. Бул тууралуу аталган телеканалдын башкы эсепчиси Өктөм Тагаева “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзү боюнча, Маданият министрлиги тарабынан санариптик берүүгө өтүүдө ар бир облустук телеканалдарга жаңы жабдыктарды сатып алууга 10 млн сом бөлүнгөн.

- 2015-жылы күз айларында 5,6 млн сом экинчи этап менен биздин телеканалга берилген. Ага ошол учурдагы жетекчилик тендер аркылуу жаңы жабдууларды сатып алган. Кийин биз текшере келгенде ал техникалар сапатсыз жана санариптик ыкмадагы эмес болуп чыкты. Азыр 60% техника иштебей, кампада сакталып турат. Бул багытта былтыркы жылы УКМКнын облустагы башкармалыгы кылмыш ишин ачып, ушул кезге чейин жыйынтык чыгара албай келүүдө.

Ал эми телеканалдын техникалык директору Союзбек Абдрасулов техника сатып алуудагы кемчиликтерден улам учурда телеканал жарым- жартылай аналогдук жабдыктар менен иштеп, эфирди үзгүлтүккө учуратпоонун айласын издеп жатканын билдирди.

Облустук телеканалды 2010-2016-жылдар аралыгында Куттумидин Базаркулов жетектеп, ишинде кетирген кемчиликтери үчүн былтыр жумуштан алынган. Козголгон кылмыш иш боюнча УКМК кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында 50гө чукул кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG