Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

БШК Өмүрбек Текебаевдин эки ыйгарым өкүлүн каттады


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов "Азаттык" үналгысына билдирди. Анын айтуусунда, Алмаз Жолдошбаев саясий иштер боюнча, ал эми Аниса Токтакунова шайлоо иштерин каржылоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп катталды.

"Мегаком" компаниясы боюнча коррупцияга аралашкан деген айып менен учурда абакта жаткан Өмүрбек Текебаев күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышарын билдирген. Анын шайлоого тиешелүү документтери 17-июнда Боршайкомго тапшырылган.

20-июнда соттук отурумда Текебаевдин адвокаттары анын президенттик шайлоого катышып жатканын белгилешип, соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү. Адвокат Чынара Жакупбекова Өмүрбек Текебаев президенттикке ат салышууну көздөгөн башка талапкерлер менен тең укукта болушу керек деп белгилеп, Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү өтүндү. Буга мамлекеттик айыптоо каршы чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG