Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында саясий партияларга, президенттикке талапкерлерге жана маалымат каражаттардын өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Анда айрым маалымат каражаттары кайсы бир талапкер болчу адамды даңазалаган материалдарды чыгара баштаганы, үгүт кампаниясы али баштала электиги айтылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Назарали Арипов кабарлады.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди кабыл алууну 15-июндан тарта баштады.
Азырынча президенттик шайлоого катышууну көздөгөн эки адам: "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Боршайкомго арыз-документтерин тапшырышты. 19-июнда "Ак шумкар" партиясынын курултайы өтүп, лидер Темир Сариев талапкер катары расмий көрсөтүлгөн. (КЕ)