Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин соту уланат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-июнда Текебаевдин жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карады. Адвокаттар президенттикке талапкер катары Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, бошотууну өтүнүштү. Сот депутат өзгөчө оор берене менен айыпталып жатат жана камакта болушу шарт деген негизде аны канааттандыруудан баш тартты.
Жактоочу тарап буга макул болбой, шаардык сотко арыз жолдой турганын айтышты. Бирок сот адвокаттарга бул чечимдин үстүнөн даттануу укугун берген жок.
“Ата Мекен” партиясы президенттикке талапкер катары Өмүрбек Текебаевди көрсөтүп, 18-июнда БШК тиешелүү документтерди кабыл алган.
Башкы прокуратура быйыл 25-февралда Текебаевге Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция), 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Буга орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 2010-жылы “Альфа Телеком” компаниясынын башкармалыгына кирүү үчүн "депутатка 1 миллион доллар бергем" деген арызы негиз катары көрсөтүлгөн. Ушул иш боюнча мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. 27-февралда экөөнө тең айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камаган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту алардын абактагы мөөнөтүн узарткан. Камактагылар өздөрүнө тагылган кине менен макул эместигин билдирип келишет. (NT)