Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн тосулат


Бишкектеги Кадыр түн. 2-июль, 2016-жыл.
Бишкектеги Кадыр түн. 2-июль, 2016-жыл.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын этегиндеги Кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнгө туш келди.

Буга карата Бишкек шаарындагы «Махмуд ал-Кашгари» мечитинде 3 миң адамга ооз ачаарлык уюштурула турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Аталган мечитте муфтий Максатбек Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов баштаган диний аалымдардын баяндары угулат.

Кадыр түндө бардык каалоочулар үчүн эшик ачык болот. Таңкы багымдат намазына чейин дин, ыйман тууралуу маалыматтар, баяндар айтылат.

Кадыр түн - орозо айынын 27-түнүндө болот. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «Фаатиха» сүрөөсүн Рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Бул түнү ислам динин кармангандар таң аткыча уктабастан, Кудайга кулчулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Аны мечитте же үйлөрүндө тосушат.

Кыргызстанда Рамазан айынын соңундагы Орозо айт 25-июнга белгиленди. (NT)

XS
SM
MD
LG