Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

ЕККУнун Азия конференциясы өттү


19-20-июнда Берлин шаарында өткөн жыйынга Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жетектеп барды. Жыйында ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, уюмдун азиялык өнөктөштөрү (Австралия, Ооганстан, Түштүк Корея, Таиланд жана Жапония) менен туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатындагы потенциалдуу кызматташтыктын, ошондой эле аймактагы экономикалык байланыш жолдорун талкуулашты.

Конференциянын ачылышында ЕККУнун баш катчысы Ламберто Заньер сөз сүйлөп, Кыргызстандагы ЕККУ академиясынын аймактагы маанисин баса белгилеп, делегацияларды академияга каржылык жардам көрсөтүүгө үндөдү.

Динара Кемелова болсо адам укугу, саламаттык сактоо, билим берүү жаатында, ошондой эле Борбор Азиядагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү максатында, уюмдун ишмердүүлүгүнүн экономикалык бөлүгүн күчтөндүрүүнүн маанисин белгилеп өттү. Мындан тышкары Кемелова аймактык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү чечүү, товар жүргүзүү жана тейлөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле чек арадагы соода жүргүзүүгө жардам көрсөтүү өңдүү маселелер артыкчылыктуу болгонун айтты.

Кыргызстан 1-майдан тартып ЕККУнун Бишкек кеңсесинин макамын өзгөрткөн. Буга чейин Кыргызстанда ЕККУнун борбору иш алып барып келсе, мындан соң программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзөт. Буга Кыргызстанда июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров сентябрь айында бул уюмдун Варшавадагы жыйынына катышып, кыргыз бийликтерин айыптап сөз сүйлөгөнү себеп болгон.

Расмий Бишкек муну кескин сынга алган жана көп узабай эле аталган уюмдун борборунун макамын төмөндөтүп, программалык кеңсеге айлантуу боюнча Венага нота жиберген эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG