Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Баткенде таксисттер кардарларды акысыз ташып жатышат

Баткен-Ак-Татыр каттамында жүргүнчү ташып жан баккан 25 айдоочу Кадыр түн урматына 21-июнь күнү ооз бекитилгенден баштап ооз ачаарга чейин жүргүнчүлөрдү акысыз ташып жатышат. 

Баткен шаарынан Ак-Татыр айылына чейин жол алыстыгы 40 чакырым. 
Жол акы ар бир жүргүнчүгө 80 сомдон.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын этегиндеги Кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнгө туш келди.

Кадыр түн - орозо айынын 27-түнүндө болот. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «Фаатиха» сүрөөсүн Рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Бул түнү ислам динин кармангандар таң аткыча уктабастан Кудайга кулчулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Аны мечитте же үйлөрүндө тосушат. (JsA)

XS
SM
MD
LG