Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:23

Учурда шаардын борбордук аянтында жана көчөлөрүндө даярдыктар жүрүп жатат. Иш-чаранын авторлорунун бири, Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Алик Асанов “Азаттык” радиосуна билдиришинче, фестиваль бүгүн кечки саат төрттө башталат. “Кылым карыткан кыргыз кереметтери” аттуу кол өнөрчүлүк фестивалы кечки сегизге чейин өтөт. Андан кийин “Улут баскан улуу” жол деген түнкү экинчи этно фестиваль башталат. Ал фестивалда Каракол шаарынын борбордук Абдрахманов көчөсүндө “Улуу Жибек жолу” темада “Этно Каракол" этно мода жана көчмөндөргө тиешелүү каада-салттар көрсөтүлөт.

Иш-чара түнкү музей көргөзмөсүн да камтыйт, музейде түнкү экскурсия уюштурулат. Фестивалдын алкагында "Каракол ашлямфусу", “Эски арбат”, Каракол уламыштары, жалпы эле уламыштар жөнүндө фильмдер сынагы өтөт. Ооз ачылгандан кийин Ысык-Көл облусунун ар кайсы аймактарынан келген өнөрпоздордун "Жарамазан" конкурсу башталат.

Бул иш-чарага облустун эки шаары жана беш району катышууда. Фестивалды өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү, Каракол шаар мэриясы жана маданият бөлүмү уюштуруп жатат.

Бул фестиваль экинчи жолу өтүп жатат. Өткөн жылы Каракол шаарында “Улут баскан улуу жол” деген аталыш менен өткөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG