Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Ооган күчтөрү Тора Бора үңкүрлөрүн ИМ тобунан бошотту


Тора Бораны бошотуу боюнча операциянын жүрүшү. 20-июнь, 2017-жыл.
Тора Бораны бошотуу боюнча операциянын жүрүшү. 20-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу расмий өкүлдөр билдирүүдө. “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери Нангархар провинциясындагы туннелдер жана үңкүрлөр комплексин Талибандан беш күн мурда тартып алган. Бул эки уюм азыр Ооганстанда атаандаштар катары саналат.

Нангархар провинциясынын губернаторунун кеңсеси билдиргендей, Тора Бора аймагы азыр ИМ тобунан толук тазаланды.

Ал жер өкмөттүк күчтөрдүн колуна өткөнүн Кабулдан да ырасташып, операция учурунда 22 согушкер жок кылынганын кошумчалашты.

Тора Бора тоосундагы туннелдер жана үңкүрлөр комплексине 2001-жылы АКШнын аскерий операциясы учурунда “ал-Каиданын” ошол кездеги лидери Осама бин Ладен да жашырынган болчу.

ИМ тобунун согушкерлери Тора Бора тоосу жайгашкан Нангархар провинциясында 2015-жылдын январынан тарта пайда болгон. Быйыл апрелде АКШ алар кирип алган туннелдерге эң ири бомбасын таштап, ооган Коргоо министрлиги бул операция учурунда 90дой согушкер жок кылынганын кабарлаган. (UE)

XS
SM
MD
LG